Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлери боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 11 февраля 2013 года № 32-р (О разработке макроэкономических сценариев развития Кыргызской Республики на 2014-2016 годы)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-02-11.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 32-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 1-февралы № 23-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилдеги макулдашылган макроэкономикалык болжолун даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругу менен түзүлгөн финансылык программалоо боюнча техникалык топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун тартибине ылайык, Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин (кеминде үчтү) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолун түзүү үчүн базалык макроэкономикалык сценарийди макулдашуу жана тандоону тиешелүү түрдө негиздөө менен Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жактырган базалык сценарийдин максаттуу орто мөөнөттү макроэкономикалык параметрлердин негизинде кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун түзүүгө киришсин;
- 2013-2015-жылдарга болжолдук көрсөткүчтөрдү түзүү маселесинде тармактык министрликтерге жана администрациялык ведомстволорго, облустардын мамлекеттик администрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына эксперттик-методологиялык колдоону көрсөтсүн;
- "Кыргыз Республикасын жана региондорду 2013-2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун 2012-жылдын 20-февралынан кеч эмес мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 419-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- 2007-жылдын 23-октябрындагы № 419-б (Макроэкономикалык кырдаалды оперативдүү мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макулдашылган кыска…Распоряжение · 23.10.2007 · № 419-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 32-б (2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин иштеп чыгуу) буйругуРаспоряжение · 11.02.2013 · № 32-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- 2007-жылдын 23-октябрындагы № 419-б (Макроэкономикалык кырдаалды оперативдүү мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макулдашылган кыска…Распоряжение · 23.10.2007 · № 419-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык…Распоряжение · 04.04.2011 · № 94-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн…Постановление · 11.11.2011 · № 711 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 32-б (2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин иштеп чыгуу) буйругуРаспоряжение · 11.02.2013 · № 32-р · Күчүн жоготкон