Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 10 февраля 2016 года № 50-р (О внесении изменения в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2012 года N 237-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-10.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 25-декабры № 599-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 3-пункттагы «жана монополияга каршы саясат» деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта:
«мамлекеттик комитеттердин,» деген сөздөр алып салынсын; «жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.».
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Тиркеме
«Тиркеме
Зайым алуучулардын, күрөө берүүчүлөрдүн жана коммерциялык банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын Курамы
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); «Кыргызстандын Банктар союзунун» президенти (макулдашуу боюнча); «Чакан финансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); «Адилетке жол» коомдук бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча); «Жалал-Абад колдоо» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 10.02.2016 · № 50-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б (Займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди…Распоряжение · 04.04.2012 · № 129-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 10.02.2016 · № 50-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б (Займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди…Распоряжение · 04.04.2012 · № 129-р · Күчүн жоготкон