Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2017-жылдын 30, 31-январында жана 6, 8, 10-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-февралы № 41 2017-жылдын 30, 31-январында жана 6, 8, 10-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-январындагы № 10, 23-январындагы № 15, 2-февралындагы № 29 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл; Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек, Көл-Төр жана Көк-Мойнок; Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2017-жылдын 30, 31-январында жана 6, 8, 10-февралында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Жайыл, Ат-Башы, Тоң, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеде көрсөтүлгөн 2017-жылдын 30, 31-январында жана 6, 8, 10-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-февралындагы № 41 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын 2017-жылдын 30, 31-январында жана 6, 8, 10-февралында шайланган башчыларынын тизмеси
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж.
Шайлоо өткөрүлгөн күнү
Чүй облусу
Жайыл району
1
Жайыл айыл өкмөтү
Мамаев Замирбек Дакимович
2017-жылдын 6-февралы
Нарын облусу
Ат-Башы району
2
Кара-Коюн айыл өкмөтү
Таштанов Рустам Абдырасулович
2017-жылдын 10-февралы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
3
Ак-Терек айыл өкмөтү
Боталаев Азамат Кадырбекович
2017-жылдын 30-январы
4
Көл-Төр айыл өкмөтү
Азизов Кубанычбек Сагынович
2017-жылдын 30-январы
5
Көк-Мойнок айыл өкмөтү
Кыдыралиева Майрамкүл Асыпбековна
2017-жылдын 31-январы
Жалал-Абад облусу
Базар-Коргон району
6
Базар-Коргон айыл өкмөтү
Сариев Чынгыз Акимович
2017-жылдын 8-февралы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 14.01.2017 · № 10
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.