Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-январы № 15 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4 токтому менен 2017-жылдын 20, 23-январына дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл, Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу, айылдык кеңештердин депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилгендигине байланыштуу, өткөн жок. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-январындагы № 10 токтому менен 2017-жылдын 23-январына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу, айылдык кеңештин депутаттарын кворуму жок болгондугуна байланыштуу, өткөн жок. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо төмөнкүдөй дайындалсын:
1.1. Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2017-жылдын 6-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
1.2. Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2017-жылдын 6-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
1.3. Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча, 2017-жылдын 3-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жайыл, Баткен жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 14.01.2017 · № 10
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4 " Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 06.01.2017 · № 4
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-февралындагы № 40 "2017-жылдын 23, 24, 25, 26, 27, 30, 31-январында жана 1, 2, 3, 4, 6, 8, 9…Постановление · 13.02.2017 · № 40
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-февралындагы № 41 "2017-жылдын 30, 31-январында жана 6, 8, 10-февралында өткөрүлгөн Кыргыз…Постановление · 16.02.2017 · № 41