Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Буудай данынын жаңы түшүмүнөн мамлекеттик резервге берүүнү камсыз кылуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 28-июлу № 314-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б, 2010-жылдын 26-июнундагы № 500-б жана 2010-жылдын 12-августундагы № 32-б буйруктарынын негизинде товардык кредиттерди алган жана мөөнөтү өтүп кеткен карызы бар айылдык товар өндүрүүчүлөргө, мамлекеттик резервдин жооптуу сактоочу ишканаларына жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле буудай данынын жаңы түшүмүнөн мамлекеттик резервге берүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган буйруктары менен алынган азык-түлүк буудай данынын кредиттерин кайтаруу мөөнөтүн, андан ары узартуусуз 2011-жылдын 1-декабрына чейин узартсын;
- азык-түлүк буудай данынын 2011-жылдын түшүмүнөн, чарба жүргүзүүчү субъекттерден "Буудай.Камдоодогу жана коюудагы талаптар" ГОСТ 9353-90 шарттарына жооп берген, 3-класстан кем эмес жана клейковинасы 23 пайыздан кем эмес азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервге кабыл алсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б (Унду брондон чыгарып, карыз катарында мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жооптуу сактоочуларына жана башка чарба…Распоряжение · 12.02.2010 · № 44-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 32-р (Аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгаруу боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.08.2010 · № 32-р
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.