Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгаруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-августу № 32-р Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын сапатын жакшыртуу, аны өз убагында жаңылап туруу жана белгиленген мөөнөттө кайтаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- 2007-2008-жылы сактоого коюлган, унга тартылбай калган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган буудайдын өлчөмүнөн 3660 тонна аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгарсын;
- 2010-жылдын түшүмүнөн алынган, ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана берүүдөгү талаптар" талабына жооп берген, 3-класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес аштык буудайды 2011-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик резервге мыйзамда белгиленген тартипте койсун.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы № 314-б (Буудай данынын жаңы түшүмүнөн мамлекеттик резервге берүүнү камсыз кылуу) буйругуРаспоряжение · 28.07.2011 · № 314-р
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б (Буудай данын белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана ун тартып кийин аны аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 01.09.2009 · № 483-р · Күчүн жоготкон