Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Убактылуу Өкмөтүнүн УӨ № 299 (Кыргыз Республикасынын расмий делегацияс бекитүү боюнча) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 30-апрели УӨ № 299 Бишкек шаарында "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору боюнча Азиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Сариев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу, делегациянын жетекчиси, Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу, делегациянын жетекчисинин орун басары, Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу, Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги, Денисов Р.В. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укук бөлүмүнүн башчысы, Токтоматов Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Сарыбаева Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы, Изаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин кеңешчиси.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу Т.А.Сариев жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтык протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 31-р (Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы бекитилүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.08.2010 · № 31-р