Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы бекитилүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-августу № 31-р "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июнундагы № 14 Жарлыгына ылайык жана Бишкек шаарында "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Имашев Ч.И. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси; Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делегациянын жетекчисинин орун басары; Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, Байгөнчөков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Денисов Р.В. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укуктук бөлүмүнүн башчысы; Токтоматов Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Сарыбаева Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы; Изаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 299 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.
Президент
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги УӨ № 299 (Кыргыз Республикасынын расмий делегацияс бекитүү боюнча) тескемесиРаспоряжение · 30.04.2010 · № 299
- КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2010 · № 14 · Күчүн жоготкон