Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бюджеттик ссуданы берилүүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 12-февралы № 41-б 2010-жылдын биринчи жарым жылы үчүн Кыргыз Республикасынын капкына жаратылыш газын сатууга байланыштуу "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун тарифтик дефицитин тындыруу жана жаратылыш газы үчүн өз убагында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргызгаз" ачык акциопердик коомуна 143 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуданы төмөнкүдөй шарттарда берсин:
- кредитти тындыруу мөөнөтү 2010-жылдын 11-октябрына чейин;
- проценттик ставкасы 0 процент;
- күрөө менен камсыздоосуз.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңешине калк үчүн жаратылыш газын сатуунун тарифинин формуласын газга болгон дүйнөлүк бааны, валюта курсунун өзгөрүүлөрүн, ошондой эле алынган ссуданы тындырууну эске алуу менен бекитүү сунуш кылынсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 887-V "2011-жылдын 13-январындагы № 98-V "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010-2011-жылы күзгү-кышкы…Постановление · 30.06.2011 · № 887-V
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176 · Күчүн жоготкон