Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Машина сыноо станциясы» ачык акционердик коомуна бюджетинин каражаттарынын берүү боюнча) буйргу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 17-июлу № 389-б "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 Жарлыгы менен бекитилген Өлкөнү 2009-2011-жылдарга өнүктүрүү стратегиясына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын үрөн өндүрүү тармагын өнүктүрүү жана агрардык сектордун чарбакер субъекттерин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөндөрү менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунун "Машина сыноо станциясы" ачык акционердик коомуна үрөн тазалоочу заводду реконструкциялоо жана кант кызылчасынын үрөн материалын өстүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен 200,0 (эки жүз) млн. сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда берүүгө уруксат берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууда ушул пункттун экинчи абзацынын жоболорун эске алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду күрөө алып, "Машина сыноо станциясы" ачык акционердик коому менен төмөнкүдөй шарттардагы карыз милдеттенмесин белгиленген тартипте түзсүн:
- бюджеттик ссуданы тындыруунун мөөнөтүн карыз милдеттенмесине кол коюлган учурдан баштап 4 жылга жана бюджеттик ссуданы пайдалангандыгы үчүн проценттик ставканы жылына 8 процентке белгилөө;
- карыз милдеттенмесине кол коюлган күндөн баштап 6 айлык жеңилдетилген мезгилди аныктоо;
- өз убагында төлөнбөсө, мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн 0,05 процент өлчөмүндөгү финансылык (айып) санкцияны белгилөө.
3. "Машина сыноо станциясы" ачык акционердик коому бюджеттик ссуданы максаттуу пайдаланууну, графикке жана карыз милдеттенмесине ылайык кайтарууну камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
- КР Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 31.03.2009 · № 183 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166