Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 12-майы № 208-б "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылы:
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине инвентаризациялоо жүргүзүүнү улантсын;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине инвентаризациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча айыл чарба өндүрүшү үчүн жараксыз жерлерди аныкташсын;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине инвентаризациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты жана айыл чарба өндүрүшү үчүн жараксыз жерлерди аныктоонун жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2009-жылдын аягына карата берсин;
жогоруда аталган инвентаризациялоону жүргүзүү үчүн "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтуна зарыл каражаттарды издеп тапсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгүндө кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу үчүн каражаттарды жыл сайын караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө негизги фонддордун классификациясын жүргүзүүчү жана табигый зыяндын нормаларын аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды (органдарды) аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштарды киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон