Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Электр станциялары» ачык акционердик коомунун карызын шарттарын өзгөртү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 23-апрели № 176-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, республикага жылуулук жана электр энергияларын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун 8 (сегиз) млн. АКШ доллары суммасындагы бюджеттик ссуда боюнча карызын кайтаруунун шарттарын негизги карызды жана проценттерди төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жолу менен өзгөртсүн;
- белгиленген тартипте 8 (сегиз) млн. АКШ доллары суммасындагы бюджеттик ссуда боюнча "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен кошумча макулдашуу түзсүн жана 1 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, кредиттин негизги суммасын жана эсептелген проценттерин жоюунун мөөнөтүн 3 жылга узартууну карасын;
- бюджеттик ссуда боюнча карызды кайтаруу шарттарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөтүүлөрдү киргизүү каралган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коому бюджеттик ссуданы эсептелген проценттери менен кайтарууну карызды жоюунун графигине так ылайыкта камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы №258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата…Постановление · 02.06.2008 · № 258 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.