Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Дизилдик отунудун бөлүт берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 11-апрели № 156-б (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 104-б, 2012-жылдын 13-июнундагы № 270-б Буйруктарынын редакциясына ылайык)
2009-жылдын түшүмү үчүн кант кызылчасын себүүнү өз убагында жүргүзүүгө республиканын чарбакер субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-апрелиндеги № 446 "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрдү күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык брондон чыгарылып, 2008-жылдын күзүндө сатылбай калган дизелдик отундун 1900 куб.м көлөмүндөгү калдыгын "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" ачык акционердик коомдору кант заводдору менен 2009-жылы кант кызылчасын себүүгө жана анын түшүмүн кайра иштетүү үчүн жеткирүүгө келишим түзгөн чарбакер субъекттерди процентсиз кредиттөөнү уюштуруу үчүн Чүй жана Талас облустарына бөлүп берсин.
2. Чүй жана Талас облустарынын мамлекеттик администрациялары бөлүп берилген дизелдик отунду кыска мөөнөттүн ичинде кызылча себүүчү райондор боюнча кант кызылчасын себүү пландалган аянттарга пропорциялуу бөлүштүрүшсүн.
Райондордун мамлекеттик администрациялары дизелдик отунду кызылча себүүчү чарбакер субъекттерге процентсиз кредит катарында ыкчам берүүнү, алардын максаттуу колдонулушун жана акчалай каражат түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өз убагында кайтарылуусун камсыздоо жөнүндө кепилдик милдеттенмелер боюнча айыл өкмөттөрүнүн арасында бөлүштүрүшсүн.
3. Чүй жана Талас облустарынын кызылча себүүчү райондорунун айыл өкмөттөрү белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү түзүшсүн:
- райондордун мамлекеттик администрацияларынын 2009-жылдын апрелинде берген разнаряддарына ылайык көлөмдөрдө дизелдик отунду чарбакер субъекттерге жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча агенттик менен келишимдерди;
- дизелдик отунду товардык кредит түрүндө алуучу чарбакер субъекттер менен аны 2012-жылдын 1-ноябрына чейин, аны төлөөнүн адегенде белгиленген мөөнөтүнө - 2010-жылдын 1-февралына карата колдонулган, 1 литри үчүн 23,10 сом баада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кайра төлөө шартындагы кредиттик келишимдерди;
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 104-б, 2012-жылдын 13-июнундагы № 270-б буйруктарынын редакциясына ылайык)
4. Облустардын, райондордун жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары төмөнкүлөрдү өз убагында камсыз кылбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышаары белгиленсин:
- дизелдик отунду айылдык товар өндүрүүчүлөргө кант кызылчасын себүү аянттарына так пропорциялуу бөлүштүрүүнү жана берүүнү;
- кыртышты даярдоону жана 2009-жылдын түшүмү үчүн кант кызылчасын себүүнү агротехникалык мөөнөттөрүнө ылайык өткөрүүнү;
- чарбакер субъекттер алган дизелдик отунду акчалай каражат түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кайтарууну.
5. "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" ачык акционердик коомдоруна кызылча тапшыруучулар менен акыркы эсептешүүлөрдү алардын дизелдик отун түрүндө алган товардык кредиттери боюнча карыздарын жойгондугун ырастаган айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде жүргүзүүсү сунуш кылынсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жана Чүй жана Талас облустарынын мамлекеттик администрация башчыларына жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 104-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № 156-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 02.04.2010 · № 104-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 270-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № 156-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 13.06.2012 · № 270-р
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августунун №446 "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрдү күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар…Постановление · 15.08.2008 · № 446 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.