Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылуучу Айыл чарба техникаларынын тизмесин бекитүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 8-октябры № 573-б Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 255-1-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылуучу Айыл чарба техникаларынын тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул буйрук 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 573-б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылуучу Айыл
чарба техникаларынын
ТИЗМЕСИ
| № | ГКЭД | Айыл чарба техникаларынын аталышы |
|---|---|---|
| 1. | 29.31.1 | Дөңгөлөктүү тракторлор |
| 2. | 29.32.2 | Тоют жыйноочу комбайндар |
| 3. | 29.32.1 | Соколор |
| 4. | 29.32.1 | Культиваторлор |
| 5. | 29.32.1 | Бардык маркадагы мала |
| 6. | 29.32.1 | Трактор чиркегичтери жана жарым чиркегичтер |
| 7. | 29.32.1 | Жер түзөтүүчүлөр |
| 8. | 29.32.1 | Бардык түрдөгү жана модификациядагы үрөн сепкичтер |
| 9. | 29.32.1 | Трактор чөп чапкычтары |
| 10. | 29.32.1 | Ат чөп чапкычтар |
| 11. | 29.32.1 | Трактор тырмоолор |
| 12. | 29.32.1 | Ат тырмоолор |
| 13. | 29.32.1 | Прессподборщиктер |
| 14. | 29.32.1 | Дан жыйноочу комбайндар |
| 15. | 29.32.1 | Өзү жүрүүчү чөп чапкычтар |
| 16. | 29.32.1 | Чөп чапкыч-майдалагычтар |
| 17. | 29.32.1 | Чөп чапкыч-жанчкычтар |
| 18. | 29.32.1 | Бир аттуу араба (жүрүүчү) |
| 19. | 29.32.1 | Эки аттуу араба (жүрүүчү) |
| 20. | 29.32.1 | Арык казгычтар |
| 21. | 29.32.1 | Картошка казгычтар |
| 22. | 29.32.1 | Кант кызылчасын жүктөөчүлөр |
| 23. | 29.32.1 | Жер таптагычтар |
| 24. | 29.32.1 | Кабыгын аарчыгычтар |
| 25. | 29.32.1 | Чапкычтар |
| 26. | 29.32.1 | Дан тазалоочу машиналар |
| 27. | 29.32.1 | Дан сапыруучулар |
| 28. | 29.32.1 | Дан жүктөөчүлөр |
| 29. | 29.32.1 | Бүрккүчтөр жана чаңдаткычтар |
| 30. | 29.32.1 | Кетмендер |
| 31. | 29.32.1 | Кыртыш тилгичтер |
| 32. | 29.32.1 | Чөп үйүүчүлөр |
| 33. | 29.32.1 | Айыл чарба жүктөөчүлөрү |
| 34. | 29.32.1 | Минералдык, органикалык жана суюк жер семирткичтерди чачуучулар |
| 35. | 29.32.1 | Кызылча жыйноочу машиналар |
| 36. | 29.32.1 | Жалбырак-саптарды жыйноочу машиналар |
| 37. | 29.32.1 | Дан бастыруучу түзүлүш |
| 38. | 29.32.2 | Сүт саачу түзүлмөлөр |
| 39. | 29.32.2 | Бардык түрдөгү тоют майдалагычтар |
| 40. | 29.32.2 | Сугаруу түзүлмөлөрү |
| 41. | 29.12.1 | Бардык түрдөгү айыл чарба багытындагы насостор |
| 42. | 29.32.1 | Майдалагыч-фрезалар |
| 43. | 29.53.1 | Сүт муздатуучу танкалар |
| 44. | 29.53.1 | Сүт пастеризаторлору |
| 45. | 29.53.1 | Сүт тарткычтар |
| 46. | 29.32.2 | Кык чыгаруучу транспортерлор |
| 47. | 29.31.1 29.32.1 | Чатырча жабдуу комплекттери менен чакан тракторлор |
| 48. | 29.31.1 29.32.1 29.32.2 | Айыл чарба шаймандары (агрегаттар, түйүндөр, тракторлор- дун жана айыл чарба машиналарынын тетиктери, запастык бөлүктөрү жана техникалык шаймандары) |
| 49. | 19.20.2 | Кайыш буюмдар |
| 50. | 29.32.1 | Пахта өстүрүү, жыйноо жана алгачкы тазалоо үчүн машиналар |
| 51. | 29.31.1 | Тракторлордун жана комбайндардын кыймылдаткычтарынын ра- диаторлору |
| 52. | 29.32.1 | Механикалаштырылган кырман жабдуулары |
| 53. | 29.53.1 | ПМ-16 май сыгуучу пресстер |
| 54. | 29.32.2 | Электр кой кыркуу пункттары үчүн жабдуулар |
| 55. | 29.53.1 | Өсүмдүк майларын чыпкалоо линиялары |
| 56. | 29.32.2 | Мал жемин даярдоо үчүн машиналар |
| 57. | 29.53.1 | СШ-250, СШМ-4 тазалагыч станоктор |
| 58. | 29.53.1 | СМ-500 дан жуучу станоктор |
| 59. | 29.32.1 | РБ-400 барабандуу рассевдер |
| 60. | 29.32.2 | Канаттуулар чарбасы үчүн машиналар: инкубаторлор жана канаттуулар чарбасы үчүн брудерлер |
| 61. | 29.32.1 | МКП-1 жүгөрү сотолорун бастыруучулар |
| 62. | 29.31.1 | Сузгучунун сыйымдуулугу 1 куб. метр жана кыймылдаткычынын кубаттуулугу 150 а.к. чейинки жер казуучу жана мелиорация машиналары |
| 63. | 29.32.1 | Ат чөп жыйноочулар |
| 64. | 28.62.2 | Айыл чарбасында пайдаланылуучу кол шаймандары |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон