Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бюджеттик ссуда берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 11-февралы № 54-б Республиканын энергетика секторуна жылуулук станцияларды реабилитациялоодо жана 2008-2009-жылдардын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй шарттарда 11,0 млн. (он бир миллион) АКШ доллары суммасында бюджеттик ссуда берсин:
кредитти жоюу мөөнөтү - 2024-жылдын 15-ноябрына чейин, анын ичинде 3 жыл жеңилдиктүү мезгил берүү менен; кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - жылдык 3 процент менен; төлөө кечиктирилген учурда финансылык санкциялар - мөөнөтү кечиктирилген бересеге жылдык 8 процент менен; жоюунун мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу: 1-майда жана 1-ноябрда;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен милдеттүү түрдө күрөөсүн камсыздап, Бюджеттик ссуданы кайра төлөө жөнүндө карыздык милдеттенмени белгиленген тартипте түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга карата божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Карыздык милдеттенмеге кол коюлган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Карыздык милдеттенменин күрөөлүк камсыздалышын тариздөө үчүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн бардык зарыл документтерди тапшыруу;
- ачык акционердик коомдун тийиштүү башкаруу органынын мүлктү белгиленген тартипте күрөөгө берүү жөнүндө чечимин тапшыруу;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданын кошулган проценттери менен Карыздык милдеттенмени жоюу графигине катуу ылайык кайра төлөнүшүн камсыздоо.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12