Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын жарандары - Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 2009-жылга бир ирет акысыз даректүү жазылуу өткөрүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 9-февралы № 46-б Кыргыз Республикасынын жарандары - Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 2009-жылга "Ар бир ардагерге - бирден басылма" принциби боюнча бир ирет акысыз даректүү жазылуу өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына 2009-жылдын мартынан декабрь айына чейин "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" же "Эркин Тоо" гезитине (ардагердин каалоосу боюнча - бир басылмадан) акысыз жазылуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен керектүү акча каражаттарын таап жана бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана майыптарын 2009-жылдын мартынан декабрь айына чейин "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана", "Эркин Тоо" гезиттерине акысыз жазылтууну жана аталган басылмаларды ардагерлерге өз убактысында жеткирүүнү уюштурууга байланыштуу маселелерди чечишсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12