Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 20–декабрындагы №13/40 «Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга мекеме–ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3– коэффициенти жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013–жылдын 20–декабры №13/40 Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга мекеме–ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3– коэффициенти жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 17–октябрындагы №231 Мыйзамынын 3–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339–беренесинин 4–пунктуна негиз, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2013–жылдын 1–августундагы №031/074/513 катын эске алып, Кызыл–Кыя шарынын аймагында 2014–жылга жер салыктарын сапаттуу чогултууну камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга мекеме-ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3–коэффициенти жалпы шаар боюнча жана шаарга караштуу айылдар боюнча бардык экономикалык–пландаштыруу зоналарга бирдей 1,0(бир) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы
А.Маткалыков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон