Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 11 октября 2016 года № 149 "Об утверждении Положения "Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики при проведении выборов и референдумов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-10-11.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-октябрындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 90 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу
Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, жарандардын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылуулары, арыздары жана даттануулары менен иштөөнү натыйжалуу жана ыкчам уюштуруу, шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоонун башка катышуучуларына шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу маселелер боюнча юридикалык, консультативдик-усулдук жардам көрсөтүү үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2012-жылдын 4-октябрындагы №107 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;
- 2011-жылдын 18-июлундагы №18 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;
- 2009-жылдын 21-мартындагы №26 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;
- 2008-жылдын 5-августундагы №35 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө”;
- 2004-жылдын 23-июлундагы №35 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын коомдук кабылдамалары жөнүндө”;
- 1999-жылдын 9-ноябрындагы №161 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө”.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Р.Б. Бекбасаровго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 04.10.2012 · № 107 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы…Положение · 28.07.2015 · № 90 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №18 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук…Постановление · 13.07.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 149 "Шайлоо жана референдум өткөрүүдөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана…Постановление · 11.10.2016 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы…Положение · 28.07.2015 · № 90 · Күчүн жоготкон
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 04.10.2012 · № 107 · Күчүн жоготкон