Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2015 года № 90 "Об утверждении Положения "Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики при проведении выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-28.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 90 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-октябры № 107 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, жарандардын кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен натыйжалуу жана ыкчам иш алып барууну уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы төмөнкү дарек боюнча уюштурулсун: Бишкек ш., Раззакова көчөсү 59, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имараты, 1-кабат, № 101 кабинет.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу графиги күн сайын саат 9.00дөн 18.00гө чейин, тыныгуу саат 13.00дөн 14.00гө чейин, дем алыш күнсүз белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Коомдук кабылдаманын иш графиги тууралуу массалык маалымат каражаттарды маалымдоо тапшырылсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 28.07.2015 · № 90 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 28.07.2015 · № 90 · Күчүн жоготкон