1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 88-статьянын экинчи абзацында "ондон жыйырма" деген сөздөр "жыйырмадан элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 89-статьянын экинчи абзацында "бештен он" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 90-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - бузуулар четтетилгенге чейин иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен же ансыз - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - бузуулар четтетилгенге чейин иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен же ансыз - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 286-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - бештен он, кызмат адамдарына - бузуулар четтетилгенге чейин ишин токтото туруу менен - элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 306-статьянын экинчи абзацында "бирден" деген сөз "бештен" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205477/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>