1-берене
Күчүндө · 27.06.2016 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"рулдук башкаруусу сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты - айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багытына карата сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты; рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты - айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багытына карата оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты.".
2. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Коммуналдык чарба, айыл чарбасы, жолдорду куруу (күтүү) үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, автобетон аралаштыргычтарды, чачып жуугуч машиналарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салынат. Кайра алып кетүү жөнүндө милдеттенмеси менен 6 айдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик жактар тарабынан алынып келинген, эл аралык кыймылга катышкан мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгиси болгон транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында ээликтен ажыратууга жана каттоого жатпайт.".
Берененин тексти 27.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205461/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>