Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-статья. Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби
Күчүндө · 27.01.2015 редакциясы
Өтүнүчтү кароо жана кайрылман статусун берүү жөнүндө же кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгаруу өтүнүч катталган күндөн тартып эки айдын ичинде жүзөгө ашырылат. Эгерде өтүнүч берген адамга кайрылман статусу берилсе, анда кайрылман статусу анын жубайына жана жашы жете элек балдарына, ошондой эле алар чогуу жашаган шартта, анын багуусундагы башка адамдарга да жайылтылат. Жашы жете элек балдары, жубайы, ошондой эле алардын багуусундагы башка адамдар Кыргыз Республикасында ага кошулууга жана кайрылман статусун алууга укуктуу. Кайрылман статусун алган адамдарга белгиленген үлгүдөгү кайрылмандын ырастамасы берилет. Кайрылмандын ырастамасы инсандыгын ырастоочу документ болуп саналат, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери боюнча калкты каттоо органдарында ал адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн каттоо үчүн негиз болуп кызмат кылат. Кайрылмандын ырастамасынын үлгүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
6. 9-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги укуктардан пайдаланышат жана милдеттерди тартышат. Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан адамдардын убактылуу жайгашуу борборлорунда жашап туруусунун шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат."; 2 бөлүгүндө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:";
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жашаган жери жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө;".
7. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Кайрылмандардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнүн жана болуусунун тартиби Кайрылмандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн жана болуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
8. 12-статьяда:
1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "чет өлкөлүк жаранга, кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамга" деген сөздөр "адамдарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- эгерде алар соттолуп жана эркиндигинен ажыратылган түрдө жазасын өтөп жатса - жаза мөөнөтү аяктаганга чейин."; 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 13-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13-статья. Кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине даттануу".
10. 14-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Кайрылмандарга берилүүчү социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер Мамлекет кайрылмандар үчүн төмөнкү социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилейт:
- Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүү үчүн квота бөлүүнү;
- муктаж болгондорго жалпы билим берүүчү орто жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүүнү;
- мамлекеттик жана расмий тилдерди үйрөнүү үчүн шарттарды түзүүнү;
- ишке орношууда, кесибин жогорулатууда жана жаңы кесипти өздөштүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардам көрсөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүүнү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун жыл сайын кабыл алынуучу мамлекеттик кепилдиктеринин программасына ылайык зарыл болгон медициналык жардам алууну;
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каралган мамлекеттик даректүү жардам көрсөтүүнү.
Бажы чек арасы аркылуу этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн эмес, жеке пайдалануу үчүн арналган товарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартипте бажы алымдарын төлөбөстөн алып өтүлүшү мүмкүн. Кайрылмандар жумушка уруксат албастан эмгек ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.".
12. 16-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
13. 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-глава. Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын иммиграциясы жаатындагы мамлекеттик саясат".
14. 17-19-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Кайрылмандарды социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер менен камсыз кылуу Мамлекет кайрылмандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер менен камсыз кылат.
Берененин тексти 27.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205451/st-8" title="8-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>