1-берене
Күчүндө · 27.01.2015 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж. № 10, 794-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышында "Тарыхый мекенине кайтып келүүчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
биринчи абзацында "тарыхый мекенине ыктыярдуу түрдө кайтып келүүчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; бешинчи абзацында "региондук көчүрүү программалары тарабынан берилген жерлерден кайрылман тарабынан" жана "тандалып алынган" деген сөздөр алып салынсын.
3. 4-статьянын үчүнчү абзацында "этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келүү" деген сөздөр "этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья Кайрылман статусун берүү үчүн кайрылуунун тартиби жана документтердин тизмеги Кайрылман статусун берүү жөнүндө адамдардын өтүнүчү үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бири тарабынан жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берилет:
- алардын жарандыгынын аймагында же туруктуу жашаган жеринде Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына андан ары жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына.
Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтерди берет:
- паспорт же аны алмаштыруучу документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат;
- нике тууралуу күбөлүк.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда, өтүнүч берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет:
- жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бирөө башка ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк;
- алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
Кайрылман статусун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 27.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205451/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>