КР «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 20-январы № 18 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 254-1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын: "Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат. Өзү билип курулган курулушту бузуу, аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.