99-берене. Бажылык жол-жобонун аракеттеринин аякташы
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун аякташынын мөөнөтү жана тартиби Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 236-беренесинде аныкталган.
2. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесине ылайык декларант катары чыга ала турган кайсы жак болбосун бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун аракеттерин аяктоо (токтотуу) зарыл болгон бажы операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык токтотууга укуктуу.
3. Бажы кампасында сакталып турган товарларга карата жок кылуунун бажылык жол-жобосу бажы кампасынын ээси тарабынан билдирилиши мүмкүн.
4. Мурда убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ушул жол-жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары пайдалануу максатында аларды бажы кампасынан чыгарууда убактылуу алып келүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат. Аталган товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу менен чыгарууда, төлөнүүгө жатуучу бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын эсептөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 283-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
5. Бажы кампасында сактап тургандан кийин ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү товарларга карата бажылык алымдарын, салыктарын эсептөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 238-беренесинде аныкталган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
99-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-99" title="99-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>