97-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кампада турган товарларды бажы контролун кыйгап өтүп кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;
2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;
3) бажы кампасында сакталып турган товарларга бажы органдарынын кызматкерлеринин жете алуусун камсыз кылуу жана бажы контролун камсыз кылуу максатында аталган кызматкерлерге орун-жайларды, жабдууларды жана байланыш каражаттарын акысыз берүү боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарууга;
4) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;
5) кампада сакталып турган товарлардын эсебин алууга жана ал товарлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына отчет берүүгө.
2. Бажы кампасынын ээси төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) товарлар жоголгон же аларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз берген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн;
2) бажылык жол-жобонун талаптарын аткарбагандыгы, ошондой эле бажы алымдарын жана салыктарды төлөө үчүн.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
97-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-97" title="97-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>