89-берене. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ташууда ташуучунун милдеттери жана жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ташууда ташуучунун милдеттери Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 223-беренесинде белгиленген.
2. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн ташуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Арналыштык бажы органына товарларды жана алардын документтерин жеткирбегенде ташуучу, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралса, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин товарларды бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизген бажы органы тарабынан, ушул мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
89-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-89" title="89-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>