86-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосунун мазмуну жана бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 215 жана 216-беренелеринде аныкталган.
2. Бажы транзитин сактоону камсыздоонун чаралары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 217-беренесинин 1-пунктуна ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын бажы органдары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 217-беренесинин 2-пунктунда аныкталган учурларда гана бажы транзитинде бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоону талап кылбайт.
3. Товарларды жеткирүүнүн орду жана мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 219 жана 220-беренелерине ылайык белгиленет.
4. Бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн эл аралык жүк ташуунун транспорттук каражаттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 221-беренесинде белгиленген талаптарды сактоо менен конструкцияланышы жана жабдылышы керек.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
86-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-86" title="86-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>