8-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары жана башка уюмдар менен мамилелери
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын Бажы бажылык тариздөөнү жана бажылык контролду жүргүзүүнүн кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү, ошондой эле тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка маселелерди чечүү жагында кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү максатында органдары тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иш-аракети товарлар менен тышкы соода жүргүзүүгө байланышкан башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди карманат.
2. Бажы операцияларын жүзөгө ашыруунун кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү жагында, ошондой эле тышкы соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган башка маселелерди чечүү жагында кызматташуу жана өз ара аракеттешүү төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы экономикалык иш-аракеттин, анын ичинде экономиканын айрым тармактарынын өнүгүүсүнүн финансылык, экономикалык, социалдык жана башка көрсөткүчтөрүн талдоого катышуу;
3) бажылык администрациялоо чараларын колдонуунун натыйжалуулугун баалоого катышуу;
4) бажы ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн даярдоо.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>