Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
66-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин милдеттери
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кампаны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ыңгайлаштырууга;
2) сактоодо турган товарларды кампадан бажылык контролду кыйгап өтүп алып коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга;
3) кампага же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген, кампага жанаша аймакка Кыргыз Республикасынын бажы органынын иштөө убактысынан сырткары келген товарларды жана транспорт каражаттарын жайгаштырууну камсыздоого;
4) убактылуу сактоо кампаларындагы же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген, кампага жанаша аймактагы товарлардын жана транспорттук каражаттардын сакталышын камсыздоого;
5) бажылык контролдоону ишке ашырууга көмөктөшүүгө;
6) сакталуудагы товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана алар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына отчет берүүгө;
7) сакталуудагы товарларга жана транспорт каражаттарына үчүнчү жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз жетишинин мүмкүн эместигин камсыз кылууга;
8) ушул Мыйзамдын 68-беренесинде каралган учурда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттер убактылуу сактоонун башка жерлеринде товарларды жана транспорт каражаттарын сактоо учурларына жайылтылат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-66" title="66-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>