52-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө кабарлоодо Кыргыз Республикасынын бажы органдары талап кылуучу маалыматтар жана документтер Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 159-беренесинде каралган маалыматтар жана документтердин ичинен бажылык максаттарда товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен гана чектелет.
Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө кабарлоодо берилүүчү маалыматтардын жана документтердин конкреттүү тизмегин транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Ташуу жүзөгө ашырылган транспорттун түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлоодо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152-беренесинин 1-пунктуна ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын кошпогондо, тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастоочу документтер берилет.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-52" title="52-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>