49-берене. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келишинин орду жана убактысы
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өткөрмө пункттарда жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары иштеген убакытта жол берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иштеши үчүн белгиленген убакыттан сырткары убакытта товарлардын жана транспорттук каражаттардын өткөрмө пункттарга келишине ал органдарга алдын ала кабарлоо менен жол берилет.
2. Бажы чек арасынан өтүү ташуучунун товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрмө пунктка же товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы органына көрсөтүүчү жерге мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, талап кылынган жерлерде Кыргыз Республикасынын бажы органдары белгилеген маршруттарды кармануу аркылуу жеткирүү милдеттүүлүгүнө алып келет. Товарларды темир жол транспорту аркылуу ташууда маршруттар белгиленбейт. Бул учурда товардын абалын өзгөртүүгө же алардын таңгактарын бузууга, ошондой эле коюлган пломбаларын, мөөрлөрүн жана башка идентификациялык каражаттарын өзгөртүүгө, жок кылууга же бузууга жол берилбейт.
Электр берүү линиялары жана өткөргүч куур транспорту аркылуу ташылуучу товарлар үчүн товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүүчү орунду аныктоо талап кылынбайт.
3. Контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым категориядагы товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү үчүн конкреттүү өткөрмө пункттарды аныктоого укуктуу.
4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы портто же аэропортто токтобостон Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү аба кемелери менен ташылуучу товарларга таркалбайт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-49" title="49-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>