47-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштурууда чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткаруу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Эгерде чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген Бажы бирлигинин Бажы кодексинде, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде, Бажы бирлигинин комиссиясынын чечимдеринде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача аныкталбаса, бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткаруу менен жүргүзүлөт.
2. Товарларды которуштурган жактарда, декларанттарда, ташуучуларда же башка жактарда товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө же ал аймактан алып кетүүгө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого байланыштуу келип чыккан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын бажы органдары төлөп бербейт.
3. Товарларды которуштурууну ташуучу жүргүзөт. Товарларды дароо алып кетүүгө мүмкүн болбогондо же дароо алып кетүү ишке ашырылбаганда, товарлар убактылуу сактоо кампаларына же бажы контролунун зонасы болуп саналган башка жерлерге товарларды которуштурган жактардын эсебинен коюлат. Мындай товарларды сактоонун эң узак мөөнөтү, эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында товарлардын айрым категорияларына карата башкача мөөнөт каралбаса, үч сутканы түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аталган товарларды тескөө ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-47" title="47-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>