45-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын которуштуруунун тартиби
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу которуштуруу Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүү жана ал аймактан алып кетүү, товарларды которуштурган жактардын ушул Мыйзамда каралган бажылык жол-жоболордун бирине товарларды киргизүү жана ушул бажылык жол-жобонун шарттарын сактоо милдеттүүлүгүнө алып келет.
3. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарлар жана транспорттук каражаттар Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажылык контролдоого жатат.
4. Бажы контролун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары коюучу талаптар Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын жана ушул Мыйзамды сактоону камсыз кылуу үчүн минималдуу түрдө зарыл болгондон чоң даражада товарларды жана транспорттук каражаттарды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурууга жана бажы иши жагында иш-аракеттерди жүргүзүүгө тоскоол боло албайт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-45" title="45-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>