Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
42-берене. Тышкы сооданын бажылык статистикасы
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалы жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн контролдоо, валюталык контроль жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалын, кыймылын жана тенденцияларын, анын соода балансын жана бүткүл экономикасын талдоо максатында бажы органдары товарларды бажылык чек ара аркылуу которуштуруу тууралуу маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, ошондой эле бажылык статистиканын маалыматтарын берет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажылык статистиканын маалыматтарын эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы сооданын бажылык статистикасынын маалыматтарын жарыялап турат.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажылык статистикасы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
3. Тышкы сооданын бажы статистикасы Кыргыз Республикасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн өз ара соодасынын маалыматтарын салыштырууну камсыз кылуучу усулдарга ылайык жүргүзүлөт. Импорт жана экспорт боюнча ар айлык жана ар жылдык отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине берилет жана тийиштүү мезгилден кийинки бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, коомчулук үчүн жарыяланууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 2-главасына ылайык маалыматтык технологиялар максималдуу түрдө колдонулушу керек.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-42" title="42-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>