292-берене. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 55-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын Бажы органы Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) тийиштүү даттанууларды маани-маңызы боюнча карап чыгуудан төмөнкү учурларда баш тартат:
1) эгерде даттануунун белгиленген мөөнөттөрү сакталбаса жана жак өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылбаса же өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү тууралу арыз четке кагылган болсо;
2) эгерде ушул Мыйзамдын 290-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптар сакталбаса;
3) эгерде жак ушуга окшош мазмундагы даттануу менен сотко кайрылса жана ушундай даттануу сот тарабынан карап чыгууга кабыл алынса же ал боюнча чечим чыгарылган болсо;
4) эгерде көрсөтүлгөн даттануунун предмети Кыргыз Республикасынын бажы органы болуп саналбаган органга же Кыргыз Республикасынын бажы органы болуп саналбаган органдын кызматкерине тиешеси болгон чечим, аракет (аракетсиздик) болсо;
5) эгерде даттануу ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталбаган жак тарабынан берилсе;
6) эгерде даттануу даттанылган чечимдер, аракеттер (аракетсиздик) укугун, эркиндигин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон жак тарабынан берилсе;
7) эгерде даттануунун предмети Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын бажы ишинин чөйрөсүнүн чечими болуп саналбаган актысы (документи) болсо;
8) эгерде ушул Мыйзамдын 296-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ушул эле бажы органы тарабынан ошол эле арыз берүүчүгө карата жана даттануунун ошол эле предмети тууралуу чечим кабыл алынса;
9) эгерде даттануунун предмети жок болсо, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан чечим кабыл алуунун же аракеттерди (аракетсиздикти) ал жасоонун фактысы далилденбесе.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө чечим, эгерде ушул Мыйзамда башкача көрсөтүлбөсө, көрсөтүлгөн даттануу келип түшкөн күндөн баштап беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 8, 9-пункттарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө чечим ушуга окшош мазмундагы даттанууну кароого кабыл алуу жөнүндө соттун аныктамаларын же даттанууну кароого тоскоол болгон негиздердин бар экендигин тастыктаган соттун чечимин же башка документтерди ушул даттанууну карап жаткан Кыргыз Республикасынын бажы органы алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматтык адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечими Кыргыз Республикасынын жогорку турган бажы органына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
292-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-292" title="292-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>