Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
274-берене. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 51-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары акыркы чара катары ок атма куралды төмөнкү учурларда колдонууга укугу бар:
1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана ден-соолугу коркунучка дуушар болгондо аларга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын ок атма куралын тартып алуу аракетине каршылык көрсөтүү үчүн. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы кармап жаткан адамдын ушул кызмат адамы көрсөткөн аралыкты кыскартуу аркылуу ок атуучу куралга жакындоого аракети же ушул куралга жетүүгө аракети куралды тартып алуу аракети катары каралат;
3) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, орун-жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга топтошуп алып же куралдуу кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары мындан сырткары ок атма куралдарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укугу бар:
1) эгерде транспорттук каражаттардын айдоочулары Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден-соолугуна ачык коркунуч келтирсе жана алардын токтотуу жөнүндө бир нече жолку талабына баш ийбесе, зыян келтирүү аркылуу аларды токтотуу үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларды зыянсыздандыруу үчүн;
3) ок атма куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүү берүү, атайылап белги берүү же жардамга чакыруу үчүн.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна, коркунуч келтирген куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, куралчан, топтошуп алып же башкача кол салуудан тышкаркы учурларда аялдарга, майып экени көрүнүп турган адамдарга жана жаш балдарга карата, ошондой эле адамдар көп топтошкон, башка адамдарга зыян келиши мүмкүн болгон жерде ок атма куралды колдонууга тыюу салынат. Ок атма куралды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигине же анын ордун басуучу адамга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет, алар курал колдонулган убакыттан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-274" title="274-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>