270-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуусунун шарттары
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 51-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдоодон, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге өзүнүн жарактуулугу боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүп туруусу керек.
3. Кара күч, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууда Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууну кечиктирүү анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзгөн, башка оор кесепеттерге алып келген учурлардан, кокустан же куралдуу кол салууда, согуштук техниканы жана транспорт каражаттарын колдонуу менен кол салууда же түзүлгөн кырдаалда мындай эскертүү орунсуз же мүмкүн эмес болгон учурларды кошпогондо, өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү менен аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө;
2) денесинен жараат алган адамдарга дарыгерге чейинки жардам берүүнү камсыздоого жана болгон окуя жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын башчысына же аны алмаштырган адамга кабарлоого;
3) укук бузуунун жана аны жасаган адамдын мүнөзүнө жана коркунуч даражасына, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жок кылууда келтирилген кандай гана болбосун зыяндын минималдуу болушуна умтулууга.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же аны алмаштыруучу адам бардык өлүм учурлары же денеге оор зыян келтирүүлөр жөнүндө прокурорго тезинен кабарлоого милдеттүү.
5. Ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланып кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
270-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-270" title="270-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>