266-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жайгашкан жери
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 50-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жайгашкан жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүнчүлөр жана товар агымдарынын көлөмүнө, өзүнчө региондордун тышкы экономикалык байланыштарын интенсивдүү өнүктүрүүгө, транспорт уюмдарынын, экспорттоочулардын, импорттоочулардын, тышкы экономикалык иш-аракеттин башка катышуучуларынын керектөөлөрүнө жана башка факторлорго жараша аныктайт. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын бажы органдарына түздөн-түз таандык жайларда жайгашат. Бажы посттору жана бажылардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлерине таандык жайларда жайгашышы мүмкүн. Бажы посттору жана бажылардын жана бажы посттордун түзүмдүк бөлүкчөлөрү үзгүлтүксүз экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын жайларында жайгашышы мүмкүн.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
266-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-266" title="266-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>