Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
262-берене. Жерине барып бажылык текшерүүнү жүргүзүү үчүн текшерилүүчү жактын объектисине бажы органынын кызмат адамдарынын кирүүсү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 49-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Текшерилүүчү жак Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 133-беренесинин 3-пунктунда белгиленген учурларда бажы органдарынын кызмат адамдарына анын объектисине кирүүсүнөн баш тартышы мүмкүн. Текшерилүүчү жак бажы органынын жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзгөн кызмат адамдарынын текшерүүчү жактын объектисине кирүүсүнөн негизсиз баш тартканда эки калыс-күбөнүн катышуусунда акт түзүлөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыга жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзгөн кызмат адамдары, текшерилүүчү жак же анын өкүлү, ошондой эле калыс-күбөлөр кол коет. Бул актынын көчүрмөсү текшерилүүчү адамга же анын өкүлүнө тапшырылат.
3. Текшерилүүчү жак же анын өкүлү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыга кол коюудан баш тарткан учурда жерине барып текшерүүсүн жүргүзгөн жак аталган актыга бул жөнүндө тийиштүү жазууларды жазат. Текшерилүүчү жак актыга кол коюудан баш тартуу себебин жазуу түрүндө түшүндүрүүгө укуктуу.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-262" title="262-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>