Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
260-берене. Товарларды эсепке алуу жана отчет системасын текшерүү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 49-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 99
1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 121-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы контролунун формасы катары товарларды эсепке алуу жана отчет системасын текшерүү бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарга карата, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүүнүн, бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн, убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун), эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажылык жол-жоболоруна киргизилген товарларга карата жана бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларга карата жүргүзүлөт.
2. Эсепке алуу жана отчет системасын текшерүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын тариздөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн, атайын жөнөкөйлөштүрүүлөрдү пайдаланган, ошондой эле бажы кампасынын, алымсыз соода дүкөнүнүн, бажы аймагында кайра иштетүүнүн, бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн, убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун), эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажылык жол-жоболоруна киргизилген чет өлкөлүк товарларды, же бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан же болбосо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 195-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди берүүгө байланышта бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилген чет өлкөлүк товарларды пайдаланган жана (же) аларга ээлик кылган жактар товарлар чыгарылгандан кийин жана чет өлкөлүк товарларды сактап турган жактар сактоодо турган, ташылган, кайра иштетилген жана (же) пайдаланылган товарлар жана аткарылган бажы операциялары тууралуу отчетту берүүгө милдеттүү.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн отчеттуулук бажы органына электрондук санариптик колтамга коюлган учурда электрондук түрдө же маалыматты электрондук санариптик колу жок, бирок милдеттүү түрдө уюмдун жетекчисинин, башкы бухгалтеринин жана алар ыйгарым укук берген жактын колу коюлуу жана мөөр басылуу менен, кагаз жүзүндө берилиши мүмкүн. Ушул беренеде каралган отчеттуулуктун формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Бажылык өкүл квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын онунчу числосуна чейин бажы органына аларга карата бажы операциялары жүргүзүлгөн товарлар жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган отчеттуулук формасы боюнча берүүгө милдеттүү.
6. Декларант, бажы аймагында кайра иштетүүнү жүргүзгөн жак ар бир жыл чейреги сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онуна чейин даярдалган кайра иштетүү продуктуларынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчеттуулукту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнгө карата төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациялардын номерлери менен;
2) Бажы бирлигинин бажы аймагынан алып кетилген же ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык чыгарылган же Бажы бирлигинин Бажы кодексине ылайык башка бажылык жол-жобого киргизилген кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациялардын номерлери менен;
3) бажылык жол-жобого киргизилбеген кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны;
4) товарларды кайра иштетүүдөн пайда болгон таштандылардын аталышы жана саны.
7. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын, таштандыларынын жана калдыктардын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 249-беренесинин 1-пунктуна ылайык бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу аяктагандан кийин, бирок кайра иштетүү продуктуларынын акыркы партиясы чыгарылган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.
8. Декларант, бажы аймагынан сырткары кайра иштеп чыгууну жүргүзгөн жак ар бир жыл чейреги сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онуна чейин даярдалган кайра иштетүү продуктуларынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында бажы аймагынан сырткары кайра иштеп чыгуунун бажылык жол-жобосун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчетту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнгө карата төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) берилген кайра иштетүү уруксатына ылайык бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациялардын номерлери менен;
2) Бажы бирлигинин бажы аймагына киргизилген жана тиешелүү бажылык жол-жобого жайгаштырылган кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациялардын номерлери менен;
3) Бажы бирлигинин бажы аймагына киргизилген, бажылык жол-жобого жайгаштырылбаган кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны;
4) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган, кайра иштетүүсүнүн продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагына алып келинбеген киргизилбеген Бажы бирлигинин товарлардын аталышы жана саны.
9. Бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок кайра иштетүү продуктуларынын акыркы партиясы форма боюнча чыгарылган күндөн тартып, отуз күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.
10. Декларант, ички керектөө үчүн кайра иштеп чыгууну жүргүзгөн жак ар бир жыл чейреги сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онунчу числосуна чейин даярдалган кайра иштетүү продуктуларынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчетту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнгө карата төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) ички пайдалануу үчүн товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатка ылайык ички пайдалануу үчүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациянын номери менен;
2) ички керектөө үчүн чыгарылган же Бажы бирлигинин Бажы кодексине ылайык башка бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациянын номери менен;
3) бажылык жол-жобосуна жайгаштырылбаган кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны;
4) таштандыларды кайра иштетүүдөн алынгандардын аталышы жана саны.
11. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын, таштандылардын жана калдыктардын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 273-беренесинин 1-пунктуна ылайык ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок кайра иштетүү продуктуларынын акыркы партиясы чыгарылган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.
12. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун), эркин экономикалык зонанын, эркин кампанын бажылык жол-жоболоруна киргизилген товарларды, же бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан же болбосо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 195-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди берүүгө байланышта бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды пайдаланган жана (же) аларга ээлик кылган жактар товар чыгарылгандан кийин алты айда бир жолудан кем эмес же бажы органынын талабы боюнча аталган бажы жол-жоболорун колдонуу талаптарын жана шарттарын аткаруу тууралуу, ошондой эле товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөрдү колдонуу тууралуу отчет берүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду кошпогондо, товарларды сактаган жактар сакталып жаткан товарлар тууралуу отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
Бажы органдарына ушул бөлүктө көрсөтүлгөн отчетту берүү тартиби, ошондой эле убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, алымсыз соода кылуу дүкөндөрүнүн ээлери, бажылык ташуучулар тарабынан бажы органдарына отчетту берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
13. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан эсепке алууну жүргүзүүнүн жана бажы органдарына отчетту берүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын 237-беренесинде аныкталат.
14. Бажы органдарына ушул беренеде каралган отчетту белгиленген мөөнөттө бербегендиги (же) өз убагында бербегендиги үчүн, ошондой эле так эмес маалыматтарды камтыган отчетту бергендиги үчүн ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Бажылык өкүл алынып салынды: жыл чейреги сайын кошулду: квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын алынып салынды: 10уна кошулду: онунчу числосуна чейин кошулду: бажы органына аларга карата бажы операциялары жүргүзүлгөн товарлар алынып салынды: тууралуу отчетун өсүп турма жыйынтыктар менен бериши керек. Бул отчетто ар бир операцияга карата төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) бажы операциясын жүргүзгөн бажы органынын аталышы;
2) бажылык декларациянын номери;
3) билдирилген (табыштама берилген) бажылык жол-жобо;
4) жиберүүчүнүн (алуучунун) аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
5) өкүлдүк берүүчү жактын жана бажылык өкүлүнүн келишиминин номери жана датасы;
6) бажы төлөмдөрүн жана салыктарын төлөгөн жак;
7) төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын суммасы;
8) товардын аталышы, тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы кошулду: жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган отчеттуулук формасы боюнча алынып салынды: кодду көрсөтүү менен;
9) товардын бажылык наркы;
10) товардын таза (нетто) салмагы;
11) аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу актынын датасы жана номери;
12) бажылык декларацияны толтурган жактын аты-жөнү, анын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин (паспорттун) сериясы жана номери.
кошулду: берүүгө милдеттүү.
6. Декларант, бажы аймагында кайра иштетүүнү жүргүзгөн жак ар бир жыл … аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациянын номери менен;
2) алынып салынды: эркин жүгүртүү кошулду: ички керектөө үчүн чыгарылган же Бажы бирлигинин Бажы кодексине ылайык башка … Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
кошулду: (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-260" title="260-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>