220-берене. Товарларды декларациялоочу жактар
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жак, жеке ишкер катары катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жеке жак, ошондой эле Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 1-пунктчасында каралган белгилерге ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жеке жак товарлардын декларанты боло алат.
2. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосунда товарлардын декларанты болуп Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 3-пунктчасында каралган белгилерге ээ жактар эсептелет.
3. Товарларга декларацияны берүүдө чет өлкөлүк жак Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 2-пунктчасында каралган учурларда гана декларант болууга укуктуу.
4. Бажылык декларациялоодо жана товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруу үчүн зарыл болгон башка бажы операцияларын жүргүзүүдө декларанттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги тийиштүү түрдө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 187-189-беренелеринде белгиленген.
5. Товарларды декларациялоодо жана башка бажы операцияларды жүргүзүүдө бажылык өкүл декларант ээ болгон укуктарга ээ болот.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
220-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-220" title="220-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>