218-берене. Товарларга декларацияны берүүнү жазуу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы органы товарларга декларацияны берүү датасын жана убактысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жазууга милдеттүү. Товарларды электрондук түрдө декларациялоодо товарларга декларацияны берүү датасын жана убактысын жазуу жана декларантка же бажылык өкүлгө көрсөтүлгөн дата жана убакыт жөнүндө маалыматты камтыган электрондук билдирүүнү берүү бажы органдарынан электрондук системасына мындай декларация түшкөндө автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.
2. Декларанттын же бажы өкүлүнүн талабы боюнча бажы органы, товарларга декларацияны электрондук түрдө, аталган декларацияны берүүнүн датасын жана убактысын программалык каражаттар аркылуу тастыктоого мүмкүндүк берген ыкмада берген учурларды кошпогондо, товарларга декларацияны берүүнүн датасы жана убактысы жөнүндө ырастоону жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
218-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-218" title="218-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>