211-берене. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтарып берүүнүн башка учурлары
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 42-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы алымдарын, салыктарын кайра кайтарып берүү ошондой эле төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) бажылык декларация кайра артка алынганда;
2) бажы алымынын төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу түрүндө тарифтик жеңилдиктер берилген учурда;
3) алда канча оңтойлуу шарт же тарифтик преференциялардын режими калыбына келтирилгенде;
4) бажы жол-жобосунун шарттарында, чет өлкөлүк товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары алып кеткен же аларды жок кылган, же болбосо мамлекеттин пайдасына андан баш тарткан, же ата мекендик товарларды, же болбосо аларды кайра иштетүүнүн продуктуларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келген учурларда бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммаларын кайра кайтаруу каралганда;
5) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 282-беренесинин 5 жана 6-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, эгерде товарларды жаңы тандалган бажылык жол-жобого койгондо төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы алгачкы бажылык жол-жободо төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасынан аз болсо, мурда билдирилген бажылык жол-жобо бажы органынын уруксаты менен өзгөртүлгөндө;
6) эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы убактылуу (шарттуу) баа коюу учурунда төлөнгөн суммадан аз болсо, бажылык нарк товарларды чыгаргандан кийин аныкталганда;
7) товарларды импорттогондо убактылуу, антидемпингдик же компенсациялык атайын чаралар Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарын, салыктарды кайра кайтаруу бул жөнүндө бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммаларын кайра кайтарууга алып келген жагдайлар келип чыккан кийинки күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен арыз бергенде, ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлүп алынган бажы алымдарын кайра кайтаруудагыдай таризде, ушул главага ылайык жүргүзүлөт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
211-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ИНСТРУКЦИЯ "по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей"Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-211" title="211-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>