201-берене. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуунун жалпы эрежелери
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 41-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда бажы органдары ушул главада аныкталган тартипте бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алат.
2. Мажбурлап өндүрүп алуу бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактарга карата жүргүзүлөт жана ушул главага ылайык ишке ашырылат.
3. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулганга чейин бажы органы аларды төлөө үчүн жооптуу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коет.
4. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:
1) эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн тартып же ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө жактын милдеттерин пайда кылган окуя башталган күндөн тартып алты жылдын ичинде коюлбаса;
2) эгерде бир бажылык декларацияда көрсөтүлгөн товарларга же бир алуучунун дарегине бир эле убакта бир эле жиберүүчү тарабынан жиберилген товарларга карата бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммаларынын өлчөмү 3500 сомдон аз болсо.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
201-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ИНСТРУКЦИЯ "по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей"Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-201" title="201-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>