198-берене. Банк кепилдиги
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү банктардын жана башка насыялык уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар же камсыздандыруу уюмдары берген банк кепилдиктерин бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары кабыл алат.
2. Банктарды, башка насыялык уюмдарды жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана башка насыялык уюмдардын Реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускамада белгиленет.
Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары башкача таризде бузулганда банктар, башка насыялык уюмдар жана камсыздандыруу уюмдары Реестрден чыгарылышы мүмкүн.
3. Банк кепилдиктерин берүүгө, банк кепилдиги боюнча талаптарды коюуга, кепилдик берүүчүнүн өз милдеттенмелерин аткаруусуна жана банктык кепилдиктерди токтотууга байланышкан укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
198-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- ИНСТРУКЦИЯ "по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей"Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-198" title="198-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>