195-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
195-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 195-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 12-главасында аныкталат.
2. Бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттүү аткаруу төмөнкү учурларда камсыз кылынат:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтү кийинкиге жылдырылганда же өтүп кеткенде;
2) товарлар шарттуу чыгарылганда;
3) чет өлкөлүк товарларды ташууда жана (же) сактоодо;
4) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөндө;
5) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.
3. Эгерде төлөөнүүгө жаткан бажы төлөмүнүн, туумдун жана пайыздын суммасы Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 85-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн суммадан ашпаса, бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу берилбейт.
4. Эгерде белгилүү бир мөөнөттө бир эле жак тарабынан бир канча бажы операциялары жүргүзүлсө, бажы органы бул операцияларды жүргүзүү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну (генералдык камсыздоону) алууга милдеттүү. Бир нече бажы органдарында бажылык жол-жоболорду жүргүзүү үчүн бажы төлөмүн төлөөнү генералдык камсыз кылууну бажы органдарынын алуусунун шарттарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу аны төлөөгө жооптуу жак же кайсы болбосун башка жак тарабынан, бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактын пайдасына жүргүзүлөт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
195-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ИНСТРУКЦИЯ "по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей"Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-195" title="195-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>