192-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү берүүгө жол бербөөчү жагдайлар
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Эгерде мөөнөттү кийинкиге жылдырууга же бөлүп жиберүүгө талапкер болгон жакка карата, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү төмөнкү учурларда берилбейт:
1) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарын бузуу менен байланышкан кылмыш белгилери боюнча административдик же кылмыш иши козголсо;
2) банкроттук жол-жобо козголсо.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдай болгон учурда мөөнөттү кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү берүү тууралуу чечим чыгарылбайт, ал эми чыгарылган чечим жокко чыгарылууга жатат, бул тууралуу мөөнөттү кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү берүү тууралуу арыз берген жакка үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
192-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-192" title="192-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>