190-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча ушул Мыйзамдагы 40-главада каралган тартипте бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу шартында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмүн төлөөнүн мөөнөтүн төмөнкүдөй өзгөртө алат:
1) отуз күнгө чейин;
2) ушул Мыйзамдын 191-беренесинде аныкталган негиздер болгон учурда бир жүз сексен күнгө чейин.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнө өзгөртүү киргизүү жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишим менен аныкталуучу шарттарда жана тартипте мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү формасында жүргүзүлөт.
3. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп жиберүү бажы төлөмдөрүнүн бир же бир канча түрү боюнча, ошондой эле, төлөөгө жаткан бардык суммага же анын бөлүгүнө карата берилиши мүмкүн.
4. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп жиберүүнү берүү жөнүндө чечим бул тууралу арыз берилген күндөн он беш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
190-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-190" title="190-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>