Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
188-берене. Товарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн жыйымдар жана алдын ала чечимди кабыл алуу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 38-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Товарды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн жыйымдар (мындан ары - бажы операциялары үчүн жыйымдар) төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:
а) товарга жана транспорт каражатына тандап алынган бажылык жол-жобого ылайык товарды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоодо;
б) бажы операцияларын жүргүзүүдө;
в) бажы органдары ушул Мыйзамдын 6-главасына ылайык алдын ала чечим кабыл алганда.
2. Товарлар катарында декларацияланган товарды жана транспорттук каражаттарды чыгарууга байланышкан аракеттерди жасоо үчүн бажы жыйымдары бажы операциялары үчүн бажылык нарктын 0,25 пайызы өлчөмүндө жана/же эсептик көрсөткүчтөр менен өндүрүп алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымдарын төлөөнүн максималдуу жана/же минималдуу өлчөмү аныкталышы мүмкүн.
3. Товарларды жана транспорт каражаттарды декларациялоодо бажы операциялары үчүн төмөнкү учурларда жыйымдар төлөнбөйт:
1) бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарды чыгарууга байланышкан аракеттерди бекер жардам көрсөтүү (көмөк көрсөтүү) максатында жасоодо;
2) нумизматикалык максатта колдонууну кошпогондо, акциздик маркаларды жана валюталарды бажылык декларациялоодо;
3) мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу билдирилгенде.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 44 "Товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу" токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 44
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 380-б ("Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалына катышуу үчүн ташылып келген товарларды жайгаштыруу менен…Распоряжение · 23.08.2016 · № 380-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 10.07.2025 · № 406
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 февралындагы № 44 токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 44
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 627 токтомуПостановление · 29.09.2017 · № 627
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-188" title="188-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>